Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:17

НАТО Ливиянын борборуна жаңы соккуларды жасады


Муну менен Триполи абадан төртүнчү күн катары менен бутага алынды. "Рейтер" агенттиги соңку аба соккуларынан кийин Муаммар Каддафинин резиденциясы тараптан түтүн чыкканын кабарлады. Мунун алдында Испания Ливиянын премьер-министри ок атышууну дароо токтотуу сунушу менен кайрылып жатканын билдирген эле. Бирок АКШ ал сунушту ишенимдүү эмес деп четке какты.

Бул аралыкта Мисрата шаарын кармап турган ливиялык козголоңчулар Каддафинин күчтөрүнүн жаңы чабуулу учурундагы уруштарда үч согушкерин жоготконун билдирди. Евробиримдик Ливиянын Брюсселдеги жана Бенилюкс өлкөлөрүндөгү элчиси ал-Хади Хадейба Каддафинин режиминен кол үзгөнүн жарыялады.

XS
SM
MD
LG