Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Кара-Суудагы мектепке коогалаңда өлтүрүлгөн милициянын аты берилди


Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Каратай айылынын мектебине былтыр июнь айындагы коогалаң учурунда өлүрүлгөн райондук милиция башчысы Адылбек Султановдун аты берилди. Мектеп алдына маркумдун айкели тургузулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Адылбек Султанов жана анын айдоочусу Уран Шамурзаев былтыр 13-июнда Кара-Суудагы Нариман айылында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Бул иш боюнча тогуз адам күнөөлүү деп табылып, райондук жана облустук сот бешөөнү өмүр бою эркинен ажыратып, бирөөнү беш жылга, ал эми калган үч адамды сегиз, беш жана төрт жылга кескен болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG