Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:14

Байболов саясий куугунтукка кабылганын билдирүүдө


Баш прокурордун мурдагы милдетин аткаруучусу Кубатбек Байболов Жогорку Кеңештин кечээ кабыл алган токтомун саясий куугунтук катары баалай тургандыгын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ушул тапта чыныгы окуяларды жымсалдоо аракети жүрүп жатат. Өз сөзүндө Байболов алдыдагы президенттик шайлоодо ат салыша тургандыгын белгиледи.

Кечээ Жогорку Кеңеш Байболовдун биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун дарегине карата апрель айынын башында айткан маалыматтары далилденген жок деген токтом кабыл алган. Ага чейин Байболовдун маалыматын эки депутаттык комиссия иликтеп чыккан. Социал-демократтар фракциясынан депутат Токтогул Туманов жетектеген комиссия Бабановду актаса, оппозициялык “Ата Мекен” фракциясынан депутат Өмүрбек Абдрахмановдун комиссиясы 1-вице-премьер-министрге 8 пункт боюнча айып таккан.

Март айынын акырында Кубатбек Байболов “Мегакомго” байланыштуу чуулгандуу иштердин калыс иликтениши үчүн деген жүйөнүн негизинде президенттин жардыгы менен кызматтан алынган. Апрель айынын башында Байболов парламентте сөз сүйлөп, вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттин комитеттин жетекчилигинин дарегине жана бир катар маселелерге байланыштуу дооматтарын билдирген болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG