Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын облусунун губернаторунун басма сөз катчысы Мирлан Дыйканбаев билдирди. Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк банктын айыл чарба инвестициялары жана кызматы аттуу долбоордун алкагында нарындык ветеринарларга 122 миң доллары өлчөмүндөгү шаймандар, дары-дармектер жана муздаткычтар эртең берилгени турат. Нарын облусунда жалпысынан 122 жеке менчик ветеринардык кызматтары бар. Алардын көпчүлүгүнө атайын шаймандар жетишпейт. (ErB)