Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:27

Ким Бээжинде апта бою сапарда болду


27-майда Түндүк Кореянын көсөмү Ким Чен Ирдин Кытайдагы бир апталык сапары карыды. Өкмөттүк КСНА агенттигинин кабарлашынча, Ким Пхенянга кайтып келген соң Кытай лидери Ху Цзинтаого ыраазылык катын жөнөтүп, анын сапары эки өлкө арасындагы түбөлүктүү достукту дагы бир ирээт тастыктаганын белгиледи.

Бул Кимдин акыркы бир жылда Кытайга жасаган үчүнчү визити болду. Серепчилердин айтымында, сапар Ким бийликти кокус үчүнчү уулу Ким Чен Унга өткөрүп берчү болсо, Кытайдын колдоосун алганга багытталды.
Кытай коммунисттик Кореянын жападан жалгыз ири өнөктөшү.

XS
SM
MD
LG