Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:52

Кочкор-Атада чогулгандар өкмөттүн жообун күтүп жатышат


Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында митингге чыккан “Кыргызнефтегаз” ишканасынын айрым кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар учурда өкмөттүн жообун күтүп жатышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” митингге чыккандардын укуктарын коргоо боюнча элдик комитеттин төрагасы Муктар Артыкбаев билдирди. Анын айтымында, түштөн кийин чогулгандар шаардагы жолду торогонго аракет кылышкан. Бирок облус бийлиги менен өкмөт сүйлөшүп жатканын угушуп, өкмөттүн чечимин күтүүнү чечишкен. Муктар Артыкбаев учурда акимчиликтин алдында миңге жакын адам турганын билдирүүдө.

Кочкор-Атада жүргөн Жалал-Абад облустук губернатордун орун басары Кадырбек Жакыпов эл дале чогулуп турганын “Азаттыкка” тастыктап, чогулгандардын талаптары облус губернатору Бектур Асановго билдирилгенин, губернатор өз кезегинде Бишкек шаарында өкмөттүн жыйынына катышып жатканын ачыктады.

Митингге чыккандар Мамлекеттик мүлк министрлигинин чечимдерин жокко чыгарып, “Кыргызнефтегаз” башкармалыгын төрагалыгына Каныбек Масировду бекитип берүү талабын коюп жатышат. Мамлекеттик мүлк министрлигин басма сөз кызматы болсо “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы жаңы дайындоолор болгонун тастыктап, алардын бардыгы мыйзамдын чегинде жасалып жатканын “Азаттыкка” кабарлаган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG