Араван райондук борбордук базарда сатылып жаткан эттердин биринен эхинококк жана сарык ооруларынын белгилери табылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук мамлекеттик администрациясынын алдындагы Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо инспекциясынын жетекчиси Төлөгөн Келдибаев билдирди. Бул эттер базар ичинде эки күн мурда жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталды. Учурда ылаң табылган эттер кимге таандык экендиги жана кардарларга сатылып сатылбаганы такталып жатат. (ErN/KKs)