Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:04

10-июнь Бүткүл элдик эскерүү күнү деп жарыяланды


2011-жылдын 10-июнун Бүткүл элдик эскерүү күнү деп жарыялоо чечими кыргыз өкмөтүнүн бүгүнкү отурумунда кабыл алынды. Ага ылайык, бул күнү Кыргызстандын бардык аймактарындагы мамлекеттик мекемелерде желектер түшүрүлүп, былтыркы июнь коогалаңынын курмандыктарын эскерүү боюнча иш-чаралар өткөрүлөт. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, эскерүү иш-чараларын өткөрүү боюнча тапшырма өлкөдөгү бардык жергиликтүү башкаруу органдарына жана министрликтерге жиберилди.

Былтыр 10-июнда Ош жана Жалал-Абадда башталган кагылышуулардан миңдеген адам жаракат алып, төрт жүздөн ашуун жаран мерт болгон. (KKs)

XS
SM
MD
LG