Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Дооронбек Садырбаевдин Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы анын жесирине тапшырылды


Бүгүн Жогорку Кеңештин тегерек залында Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын жана “Ак шумкар” өзгөчө белгисин белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаевге (көзү өтүп кеткенден кийин) тапшыруу аземи болуп өттү. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, аземге президент Роза Отунбаева, президенттин кеңешчиси Султан Раев, Жогорку Кеңештин депутаттары, Д.Садырбаевдин жакын туугандары катышты.

Д.Садырбаевдин жесири Сонунбүбү Көлбаевага сыйлыкты тапшырып жатып, Роза Отунбаева анын өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын белгилеп өттү.

«Дооронбек Садырбаев өзгөчө адам эле. Элим-жерим дегенде ичкен ашын жерге койчу. Ал бүткүл өмүрүн элине, Мекенине кызмат кылууга арнады. Докебиз кимге бобосун бетке түз айткан принципиалдуу киши эле. Элибиз аны абдан сыйлап, сөзүнө кулак салчу. Доке өтүп кеткен соң баарыбыз жетимсирей түшкөнсүдүк. Ал тарыхыбызда мамлекеттик жана коомдук ишмер катары гана эмес, таланттуу актер, режиссер, жазуучу, акын жана публицист катары да өлбөс-өчпөс из калтырып кетти. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат”, - деди Президент.

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов шаардык кеңештин чечими менен Бах көчөсүн Дооронбек Садырбаевдин көчөсү деп атоо жөнүндө чечим кабыл алынгандыгын жана жакын арада көчөнүн аталышы алмаштырыла тургандыгын айтты.

Иш-чарага катышып жаткан жакын туугандары өз сөздөрүндө Роза Отунбаевага Д.Садырбаевдин эмгегин жогору баалагандыгына жана мамлекет тарабынан анын ысмын түбөлүккө калтыруу маселесине көңүл бурулуп жаткандыгына ыраазылык билдирди.

XS
SM
MD
LG