Сербия президенти Борис Тадич босниялык сербдердин мурдагы командири Ратко Младичтин 16 жыл из жашырып жүрүүсүнө ким жардам бергени иликтене тургандыгын айтты.
Би-би-си кызматына берген маегинде Борис Тадич Младичти калкалап жүргөндөр сот жообуна тартылышы керектигин билдирди. Президенттин айтуусунда, мурдагы генерал Младич "мамлекеттик бийликте турган бирөөлөрдүн" аркасында көп жыл жашырынып жашап жүрүшү мүмкүн деген ойду айтты.
Серб бийликтери 26-майда Сербияда кармалган Младичти Гаага трибуналына өткөрүп берүү иштери башталгандыгын тастыктады.