Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:13

Обама: Москва менен алака Полшага залака тийгизбейт


АКШ президенти Европа сапарынын жыйынтыгында журналисттердин суроолоруна жооп берип, Полшанын демократияга өтүүсүнүн 20 жылдык тажрыйбасы Египет менен Туниске үлгү боло алаарын белгиледи.

Барак Обама АКШ-Орусия алакаларынын жанданышы Вашингтон менен Варшаванын мамилесине терс таасир тийгизбей тургандыгын билдирди:

- Биз Орусия менен ракетадан коргонуу боюнча кызматташуубуз зарыл. Анткени бизге сырттан келчү коркунучтар бирдей жана бул аймактагы стратегиялык тең салмактуулукка зыянын тийгизбейт.

Серепчилердин пикиринде, Обаманын Полшада абадан коргонуу системасын жайгаштыруудан баш тартканы расмий Варшаванын нааразылыгын пайда кылды.

Ишембиде АКШ президентинин Европадагы 6 күндүк сапары Полшада аяктады.

XS
SM
MD
LG