Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Пентагондун компьютер тармагы киберчабуулга кабылды


Пентагонду компьютердик байланыш менен жабдыган, аэрокосмикалык техника чыгарган эң ири «Lockheed Martin» компаниясынын маалыматтык системасы олуттуу киберчабуулга кабылды. Аталган компаниянын билдирүүсүндө, компаниянын коопсуздук кызматы сырттан болгон чабуулду дароо байкагандыктан, эч бир программа жабыр тартпагандыгы айтылат. Пентагондун өкүлдөрүнүн айтуусунда, маалыматтык системаны текшерүү иши башталды.

«Lockheed Martin» комапниясы F-16, F-22 and F-35 заманбап согуш учактарын, мултимиллиарддык коргонуу системасын глобалдык алкакта өндүргөн ишкана болуп саналат.

XS
SM
MD
LG