Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:12

Йемендеги шаарчаны козголоңчулар басып алышты


Түштүктөгү Зинжибар шаарчасында өткөн аптанын этегинде кагылышууларда 20 ашуун адам окко учканы айтылган. Расмий бийлик жана жергиликтүү тургундар шаарчаны “Ал-Каида” менен байланыштагы топ басып алганын айтышууда. Диссидент генералдардан турган оппозиция болсо президент Али Абдулла Салех “террористтерге” багынып, бул шаарчаны аларга берген деп айыптады жана президентке каршы күрөшкө чакырды. Муну менен президент кудум өлкөдө исламчыл козголоңчулар менен күрөш жүрүп жаткандай көрсөтүп, өзүнүн 30 жылдык бийлигин дагы узартканга аракет кылып жатат дешти. Ал арада кечээ Таиз шаарында коопсуздук күчтөрү демонстранттарга ок атканда, төрт адам мерт болгону кабарланууда.

XS
SM
MD
LG