Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:25

Мальтада ажырашуу мыйзамдаштырылат


Кабарларга караганда, Мальтанын эли ишембидеги референдумда үй-бүлөлөрдөгү ажырашууну мыйзамдаштыруу керектигин колдоп добуш берген. Премьер-министр Лауренс Гонзи өзү ажырашууга каршы өнөктүккө катышканы менен, элдин пикирин урматтап, эми мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керектигин билдирди. Өлкөнүн 300 миңдей калкы катышкан референдумдун расмий жыйынтыгы бүгүн чыгат. Католиктер басымдуулук кылган Мальта дүйнөдө ажырашууга тыйуу салынган эки мамлекеттин бири. Үй-бүлөлөрдөгү ажырашууга Филиппинде да тыйуу салынган. Мальтада аборт жасоого да мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG