Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

Балдар үйүнүн тарбиялануучулары үчүн салтанат уюштурулат


31-майда Бишкекте борбор шаардагы, Чүй жана Ысык-Көл облусундагы балдар үйлөрүндө тарбияланып жаткандар үчүн майрамдык салтанат уюштурулат. 1-июнь балдарды коргоо күнүн утурлай бул иш-чараны өткөрүп жаткандардын маалымдашынча, анда балдарды кинотеатрларга алып барышат, концерт болот. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда балдар үйү алтымыштан ашат жана анда жыйырма миңге чукул бала тарбияланууда. Алардын көбү социалдык жетимдер, башкача айтканда ата-энеси бар туруп кароосуз калган балдар. Мындай балдардын саны 1990-жылдан бери эки жүз пайызга көбөйдү. (EBM)

XS
SM
MD
LG