Баткен облусунун Лейлек районундагы “Катраң” чек ара бекетиндеги аскердин мерт болушуна байланыштуу ишти Исфана шаардык соту 31-майда карайт. 19 жаштагы Назирбек Абдразак уулун 3-март күнү чогуу кызмат өтөгөн 5 чек арачы топтошуп ур-токмокко алышкан. Ал Ош шаарына дарылоого жиберилген, бирок 13-март күнү алган жаратынан каза болгон. Бул окуя боюнча аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгогон болчу. (EBM)