Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Борбор Азия эксперттери балдар укугун талкуулайт


Бүгүн Түркмөнстандын Ашхабад шаарында балдар укугун коргоо, ювеналдык юстиция маселелелери талкууланат. Аталган форумга Кыргызстандан да укук коргоочулар, эксперттер, депутаттардан турган делегация жөнөп кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бириккен улуттар уюмунун Балдар корунун (ЮНИСЕФ) маалымат катчысы Ольга Гребенникова тастыктады. Үч күнгө созулган форумда көчө балдары жана алардын укуктары, балдардын билим алуу укугу, кылмышка аралашкан балдар менен иш алып баруу маселеси талкууланат. Статистика боюнча кылмыш кылып түрмөгө түшкөн ар бир төртүнчү өспүрүм жок дегенде бир жылдан кийин кайра кылмышка барат экен. Форумда өспүрүмдөрдү түрмөдөн сырт тарбиялоо жолдору каралат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG