Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Капар Батырканов кабарлады. Анын айтымында, беш айдын ичинде катталган фактылардын айрымдарына кылмыш иши ачылган. Маалыматка ылайык, мектеп рэкетчилигине 6-7-8-класстын улан-кыздары көбүрөөк дуушар болот. Чоң класстар өздөрүнөн кичүүлөргө 10 сомдон 500 сомго чейин “салык” салышат.
Бишкек шаарында жалпысынынан 93 мектеп болсо, өспүрүм балдар менен иштөө инспекциясында 72 кызматкер иштейт.
Мындан эки апта мурда өткөн жыйында мектеп рэкетчилиги боюнча 39 факты катталганы айтылган эле. ИИМ былтыр мектептерде рэкетчилик күчөп, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук 25 пайызга көбөйгөнүн маалымдаган. (КЕ)