Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:31

“Ата Мекендин” мүчөсү жол кырсыгынан каза тапты


“Ата Мекен» партиясынын жаштар канатынын 5 өкүлү 30-майга караган түнү Ысык-Ата районунун Кеңеш айылы жакта таңкы саат төрт-бештер чамасында жол кырсыгына кабылышты. Бул тууралуу аталган партиянын басма сөз кызматы билдирүүдө. Маалыматка ылайык, партиянын жаш мүчөлөрү Нарын облусунда өткөн жаштар форумуна катышып, шаарга келаткан учурда айдоочу рулду башкара албай, жол четиндеги даракты сүзүп алган. Анын айынан 23 жаштагы Чолпонай Кабулова мерт болуп, калган төртөө ар кандай жараат алды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG