Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:40

Президент Зума Триполиге баратат


Түштүк Африканын президенти Жейкоб Зума бүгүн 30-майда Триполиге тынчтык миссиясы менен барат. Муну менен Зума Түштүк Африка мамлекеттеринин атынан Ливиядагы согушуп жаткан тараптарды элдештирүүгө экинчи ирет баратат. Муаммар Каддафи лидерликтен кетүүдөн баш тарткандыктан жана көтөрүлүшчүлөр Каддафи кетмейинче сүйлөшүүгө барбайбыз дегенден улам буга чейинки арачылык аракеттери ийгиликсиз бүткөн.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясына ылайык, НАТОнун учактары марттан бери Ливиянын аба мейкиндигин көзөмөлдөөдө. Максат Каддафиге ишенимдүү күчтөрдүн чабуулунан козголоңчулардын ээлигиндеги аймактардагы элди коргоо. Учурда Ливиянын чыгышы адаватчылардын кол астында.

XS
SM
MD
LG