Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:46

ЖК комитети Кыргызстандын Жарандык коргонуу уюмуна кирүүсүн колдоду


Жогорку Кеңештин Коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Жарандык коргонуу боюнча эл аралык уюмдун уставына кошулуусун колдоду. Өзгөчө кырдаалдар министри Болотбек Борбиев Кыргызстан 15 жылдан бери Жарандык коргонуу боюнча эл аралык уюмга байкоочу болуп келгенин, бирок уюм быйыл өлкөнү толук кандуу мүчө катары кабыл алганга ниеттенип жатканын айтты.

Уюмга мүчө болуу үчүн атайын төлөм 60 миң долларды түзөт, бирок Кыргызстан ага анын 21 миңин гана төгүп турса болот. Бул тууралуу Женевада өзгөчө кырдаалдар министри Болотбек Борбиев менен Жарандык коргонуу боюнча эл аралык уюмдун баш катчысы Касидас Рогонокор 13-майда макулдашкан. Өзгөчө кырдаалдар министри Кыргызстанга ЖКУ быйыл 3 млн. доллар эсебинде жардам бергенин белгилейт. Уюмга дүйнөнүн 50 өлкөсү мүчө катары катталган.

Кыргызстандын Жарандык коргонуу боюнча эл аралык уюмуна мүчө катары кирүү маселеси боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин талкуусуна жакынкы күндөрү коюлат. Бул тууралуу "Азаттыкка" ЖК басма сөз кызматы тастыктады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG