Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Генерал Младичтин абалы оор


Босниялык сербдердин мурдакы аскер башчысы Ратко Младич катуу оору болгондуктан, анын үстүнөн Гаагада болчу сотко катыша албайт. Бул тууралуу Младичтин адвокаты Милош Шалич билдирди жана 69 жаштагы кардарын медициналык текшерүүдөн өткөрүүнү талап кылды:

- Биз Младичти текшерүү үчүн кардиологду, психиатрды, неврологду, гастроэнтерологду жана ортопедди талап кылабыз. Биз ошондой эле Младичке жардам бере алчу доктурларды кеселдин проблемаларын угуп, жардамдашканга чакырабыз.

Младич 1992-95-жылдардагы Босния согушу учурунда элди айоосуз кырган, анын ичинде Сребреницада 8 миңдей мусулман эркекти жок кылууга жооптуу деп айыпталууда. 16 жыл бою качкын болуп жүргөн генерал бир жума мурда Сербияда кармалган.

XS
SM
MD
LG