Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Нино Буржанадзенин күйөөсү айыпталууда


Грузин оппозициясынын лидери Нино Буржанадзенин күйөөсү өткөн аптада Тбилисиде болгон анти-өкмөттүк демонстрация кезинде “куралдуу топторду түздү жана полицияга кол салууну уюштурду” деп айыпталды. Прокурордун билдиришинче, тергөөчүлөр оппозиция мүчөлөрү берген көрсөтмөнүн, видео жана аудиоматериалдардын негизинде ушундай бүтүмгө келген. Бирок прокурордун сөзүнчө, ал Бадри Бисадзени сотко чейин абак жайга салбай, күрөө пулга бошотууну соттон суранат.

Өткөн бейшемби күнү оппозиция Тбилисидеги борбордук аянттан башка жайда демонстрация өткөрүүдөн баш тартканда, полиция нааразылык акциясын күч менен таркаткан. Ошондо оппозицияга таандык машине уруп кетип, бир полициячы жана бир киши набыт болгон.

XS
SM
MD
LG