Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:34

Москвада мушташтан каза болгон кыргызстандыктын аты-жөнү тактала элек


Бул тууралуу “Азаттыкка” Москвадагы кыргыз элчилигинин юристи Алмаз Абдысияев кабарлады. Анын айтымында, учурда окуя боюнча кылмыш иши козголуп, ишти Люблинск райондор аралык прокуратурасы иликтөөдө. Маалыматка ылайык, 29-майда Тихорецкий гүл багынын аймагында жайгашкан “Москва” соода борборунун үч кызматкерлери мушташа кетип, бирөөсү бычак жеген. Жараланган кыргызстандык жаран тез жардам келгенче көз жумган. Азырынча анын аты-жөнү, кайдан келгени тактала элек. Кыргызстан элчилиги Люблинск прокуратурасына маркумдун аты-жөнүн тактоо үчүн кат жөнөттү. Мушташка кимдер катышканы жана анын себептери учурда иликтенүүдө. Катталган факт иликтенип, медициналык экспертизадан өткөн соң сөөгүн Кыргызстанга алып келүү чаралары көрүлмөкчү.

Жыл башынан бери ушуну менен Орусиядан он сегизинчи сөөк алынып келинет. Алардын төртөө улутчулдардын колунан каза тапкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG