Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:42

Гератта италиялык беш жоокер жарадар болду


Ооганстандын батышындагы Герат шаарында автомобилчен жанкечти италиялык аскерлер башындагы курулуш командасы турган базанын дарбазасына келип, өзүн өзү жардырып жиберди. Италиянын коргоо министрлиги беш жоокери жарадар болгонун жана бир аскердин абалы оор экенин билдирди. Экинчи бомба Гераттын ортолук бөлүгүндөгү эл көп жүргөн жерде жарылды. Андан үч жаран жана бир полициячы жарадар болгону кабарланды.
Герат Ооганстандын батышындагы эң чоң шаар. 2014-жылдан тарта Ооганстандын жети провинциясында, анын ичинде Гератта коопсуздукту Ооган армиясы камсыздай баштайт.

XS
SM
MD
LG