Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Сирияда Ассадга каршы козголуш уланууда


Сирия оппозициясынын билдиришинче, аскерлер 30-майда ортолуктагы Хомс провинциясындагы Таблисех шаарында анти-өкмөттүк наарызылыкка чыккан адамдарды артиллериялык куралдардан аткылаган. Танктар коштогон аскерлер жекшембиден бери Таблисех жана коңшулаш Рестан шаарында оппозицияга каршы операция өткөрүүдө. Оппозициянын ырасташынча, аскерлердин огунан 11 киши набыт болгон. Сириянын өкмөттүк жаңылыктар агенттиги Таблесихтеги операция кезинде төрт жоокер курман болгонун билдирди.
БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссары Нави Пилай Сириядагы анти-өкмөттүк демонстрацияларды айоосуз басууларга аябай кабатыр экенин билдирди.

Адам укугун коргоочулардын айтымында, марттын ортосунда президент Башар Ассаддын режимине каршы козголуш башталгандан бери полиция менен кагылыштарда 1 миңден ашуун адам набыт болуп, 10 миңдей адам камакка алынган. Өкмөт коопсуздук кызматтары, полиция жана армия 143 адамынан айрылганын билдирди.

XS
SM
MD
LG