Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Coca-Cola менен Adidas FIFAдагы жаңжалга кабатыр


Зепп Блаттер Катардын жеңгенин жарыялаган учуру, Цюрих, 2-декабрь, 2010
Зепп Блаттер Катардын жеңгенин жарыялаган учуру, Цюрих, 2-декабрь, 2010
Футбол ассоцацияларынын эл аралык федерациясы (ФИФАнын) негизги эки демөөрчүсү дүйшөмбүдө федерациянын жетекчилигине каршы айтылган айыптоолор футбол спорту үчүн начар таасир этиши мүмкүн деп билдиришти. Кечээ ФИФАнын президенти Зепп Блаттер футболдо эч кандай кризис жок деген.
"Мен буга аябай кейип турам, - деди ал кечээ Цюрихтеги маалымат жыйынында. – Акыркы күндөрү ФИФАнын имиджине аябай чоң сокку урулду. Мындан улам көңүл калып турат".
Жакында аталган федерациянын жетекчилигине Катар 2022-жылы футбол чемпионатын өткөрүү укугун алыш үчүн федерацияга пара берген деген күнөө коюлган эле. Катар муну четке какты.

XS
SM
MD
LG