Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:19

Кочкор-Атада Масировдун жактоочулары Ош-Бишкек жолун буушту


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызмунайгаз” ишканасынын коомдук байланыш бөлүмүнүн адиси Алмаз Мустапакулов кабарлады. Анын айтымында, бүгүн Кочкор-Ата шаардык базары иштебей, анда отургандар “Кыргызмунайгаз” башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Каныбек Масировду колдоо митингине кошулду. Учурда митингге чыккандардын саны 4 миңге жеткени кабарланууда. Масировдун жактоочулары Мамлекеттик мүлк министри Нурдин Илебаевдин иштен кетишин талап кылып жатышат. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы болсо митингге 4 миң эмес, 700 чакты адам катышып жатканын кабарлады.

Митингчилер Мамлекеттик мүлк министрлиги партиялык кызыкчылык менен жетекчиликти алмаштырууга кызыкдар болуп, бул үчүн эмгек жамаатын жана директорлор кеңешин бөлүп-жаруу аракеттери жүрүп жаткандыктарын айтышууда.

Каныбек Масировду колдоо митинги Кочкор-Атада 28-апрелден бери уланууда. (EK)

XS
SM
MD
LG