Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Мамлекеттик мүлк министри кызматынан бошотулду


Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев мамлекеттик мүлк министри Нурдин Илебаевдин берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымат таратты.

Бүгүн “Кыргызмунайгаз” ишканасынын тегерегинде өкмөттө жыйын өтүп, анда премьер-министр Атамбаев “Кыргызмунайгазга” сырттан башкаруу киргизүү чечимин кабыл алды. Сырттан башкаруучу катары ишканада көп жылдан бери эмгектенип келген Жеңишбек Жумашев бир айга дайындалды.

Жыйында өкмөт башчы Маммүлк жана Жаратылыш ресурстары министрликтеринин, Жалал-Абад обладминистрациясынын ишин сынга алып, алардын кетирген катачылыктары “Кыргызмунайгаздын” тегерегиндеги окуяларга себепчи болду деп белгиледи.

Атамбаев Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асановго тартип коргоо органдары менен биргеликте ишкананын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылууну буйруду. (EK)

XS
SM
MD
LG