Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:11

“Кыргызмунайгаздын” тегерегиндеги маселелерди иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия куралат


Бул тууралуу өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, комиссия эки күн ичинде түптөлүп, “Кыргызмунайгаз” ААКнын 2008-2011-жылдардагы каржы-чарбалык иштерин текшерүүгө алат. “Ишкананын тегерегиндеги тирешүү каржы-чарбалык иштеринен чыккан. Андыктан комиссия кырдаалдын саясий эмес экономикалык аспектисин карайт”- деп билдирет Фарид Ниязов.

Айрым жергиликтүү маалымат каражаттарына “Кыргызмунайгазга” башкаруучу болуп жаңыдан дайындалган Жеңишбек Жумашев бул кызматтан баш тартты деген маалымат жарыяланган. Бул тууралуу токтолгон Фарид Ниязов “эгер Жумашев ишканада стабилдүүлүк болушун кааласа өкмөттүн буйругун аткарышы шарт” – деди. (EK)

XS
SM
MD
LG