Кечээ Белграддагы сот анын адвокатынын апелляциясын четке каккандан кийин, серб өкмөтү аны экстрадициялады. Сербиянын Юстиция министри Снежана Малович: "Ратко Младичти Гаагадагы сотко өткөрүп берүү менен Сербия республикасы өзүнүн моралдык жана эл аралык милдеттемесин толугу менен аткарганын далилдеди, - деп айтты. - Бул аракет Сербиянын Эл аралык трибунал менен кызматташтыгын ийгиликтүү аяктоого кызыккандыгын көрсөтөт".
1992-95-жылдардагы согуш учурунда Босниядагы сербдердин армия башчысы болуп турган Ратко Младичти геноцид жана согуш кылмыштары үчүн айыптап жатышат. Ага Сребреницада 8 миңдей мусулман эркекти кырган деген күнөө да тагылууда. Младич дээрлик 16 жыл качкында жүрүп, өткөн аптада Сербияда кармалган.