Рустам Махмудов дүйшөмбүнүн түнү Чеченстанда кармалган. Кечээ аны Москвага жеткиришти. Политковскаяны аткан дал ушул Махмудов болгону айтылууда. Орусиядагы “Новая газета” басылмасынын кабарчысы Анна Политковскаяны 2006-жылы Москвадагы үйүнө кире бериште атып кетишкен эле. Аны өлтүрүүгө буйрук бергендер табыла элек.