Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 31 окумуштуудан турган тобунун билдирүүсүндө айтылгандай, уюкфондорду колдонуу мээнин рак оорусуна алып келиши ыктымал. Бирок окумуштуулар мээнин рагы менен чөнтөк телефондун байланышы канчалык так экенин аныкташ үчүн кошумча изилдөөлөр талап кылынаарын, азырынча бүтүмдү “толук далилденди” деп айтыш кыйын экенин белгилешти. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда 14 мамлекеттин атынан иштеген 31 окумуштуу жаңы изилдөөлөрдү жасашкан жок. Алар буга чейинки изилдөөлөрдүн негизинде гана ушундай тыянак чыгарышкан.
"Зымсыз телекоммуникациялар эл аралык Ассоциациясы" деп аталган бизнес топ окумуштуулардын тыянагы "чөнтөк телефону рак ооруусуна алып келет дегенди билдирбейт" деди.
Учурда дүйнө жүзүндө беш миллиарддай адам чөнтөк телефонун колдонот.