Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы деректири Жантөрө Сатыбалдиев 31-майда июнь коогасынан жабыркаган ишкерлердин чыгымын эсептеген комиссия мүчөлөрү менен жолукту. Сатыбалдиев 10-июнга чейин биринчи катталган жабыркаган 1780ден ашык ишкерге 50 миң сомдон төлөнүп бериле турганын айтты. Учурда ишкерлердин кошумча тизмеси даярдалып жатканын белгиледи. Бул тууралуу аталган дирекциядан билдиришти. (EBM)