Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

Террорчу деп кармалгандардын иши сотто каралууда


Терроризм, киши өлтүрүү, талап-тоноо өңдүү кылмыштарга шектелген “Жайшул Махди” уюмунун мүчөлөрүнүн ишин бүгүн Бишкекте Октябрь райондук соту кароодо. Ага судья Эрнис Чоткараев төрагалык кылууда. Бул маалыматты сот өкүлдөрүнүн бири “Азаттыкка” тастыктады.

Террорчулардын уюму деп айтылган “Жайшул Махди” жамааты сентябрь айында Бишкектеги синагогада жана ноябрь айында Спорт ордосунун алдында болгон жарылууга, Сокулуктагы АКШ жаранын тоноого жана жыл башында милиция кызматкерлеринин өлүмүнө катыштыгы болгон деп шектелүүдө.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул уюмдун он мүчөсү кармалганын кабарлаган. Эки мүчөсү январь айында Беш-Күңгөй айылындагы атайын операцияда мерт болгон. Ошол эле учурда кармалгандардын жакындары алардын эч кандай кылмышка катыштыгы жок экендигин белгилеп келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG