Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленүүдө


Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Нарын шаарында “Алма-Бак” эс алуу жайынын ачылыш аземи болду. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, эски сейил бак жаңыланып, футбол талаасы, бассейн, жаңы аттракциондор колдонууга берилди. Бүгүн аталган сейил багы балдар үчүн акысыз иштемекчи. Сейил багын жаңылоого 4 млн. сомго чукул каражат сарпталган.

Ысык-Көл облусунун борбору Кара-Кол шаарында балдар асфальтка сүрөт тартып, кол өнөрчүлүк боюнча сынак өткөрүлдү. Майрамдык кече ыр-күү менен коштолууда. Балдарды коргоонун эл аралык күнү Бишкекте жана башка облустарда да белгиленүүдө.

Эл аралык иликтөөлөргө ылайык, Кыргызстан балдарын начар баккан өлкөлөрдүн катарына кирет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG