Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:26

Германия элчилигинин алдында пикет өттү


2010-жылдын май айында каза болгон Кундуз Турсунованын 20га чукул туугандары, балдары жана неберелери менен бүгүн Германия элчилигинин алдына пикетке чыгышты. Кундуз Турсунованын апасы Алмабүбү Жылкыбаева балдардын укугу корголбой, ошонун айынан кызы каза болуп отурганын билдирүүдө. Ал адвокатка муктаж болуп жатканын кошумчалады. “Азаттыктын” кабарчысынын айтымында, элчиликтен эч ким чыккан жок.

1984-жылы туулган Кундуз Турсунова Дүсселдорф шаарына үй жумушчу катары жеке канал менен 2005-жылы кеткен. Кундуздун туугандарына былтыр “15-майда ал өз жанын өзү кыйып өлдү” деген мазмунда Германиядан кат келген. Маркумдун туугандары үй жумушчу катары чакырып алган Германия жараны Гот Валт Патрикти Кундуздун өлүмүнө тиешеси бар деп шектенип жатышат. Бул себептен алар тергөө амалдарын так жүргүзүү талабын коюп келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG