Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:39

НАТО өкүлчүлү ага кирген өлкөлөрдүн элчилигинин бирине жайгаштырылат


Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Министрлик НАТОнун байланыш боюнча офицеринин Кыргызстанда иштөөсү эки тараптуу жана “Тынчтык үчүн өнөктөштүк” программасына кирген өлкөлөр менен кызматташууну жакшыртарын белгилөөдө. Ошондой эле аскерий-техникалык жактан кызматташууну бекемдеп, биргелишип долбоор, программа иштөө багытында ишти жеңилдетет. Эми анын өкүлчүлүгү НАТОго кирген өлкөлөрдүн элчиликтеринин бирине жайгаштырылышы мүмкүн.

10-майда Жогорку Кеңештин Коргонуу жана коопсуздук комитети НАТО менен кызматташтыкка байланыштуу мыйзам долбоорду жактырган. Коргоо министринин орун басары Замир Сүйөркулов парламент келишимди колдоп берсе, Кыргызстанда НАТОнун өкүлчүлүгү ачыларын билдирген. НАТОнун мындай кеңсеси Казакстанда да бар.

Кечээ, 31-майда айрым жаштар НАТОнун кеңсесинин Кыргызстанда ачылышына каршы пикирлерин билдирип чыгышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG