Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

Баткендин тургуну кутурмадан көз жумду


Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы өтө коркунучтуу жугуштуу оорулар борборунун директору Гайбулин Жалалидиндин айтымында, Баткен облусунун Булак-Башы айылынын тургунун 8-майда жолбун ит тиштеп алган. Ошол эле күнү ал облустук ооруканага жаткырылып, кутурмага каршы алдын алуу курсу белгиленген.

29-майда ит тиштеп алган келин каза болуп калган. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Бул 2011-жылы кутурма оорусуна чалдыккан биринчи учур болууда. Аталган райондо кутурмага каршы иштер жүргүзүлүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG