Түрк тилдүү өлкөлөрдүн театр оюндары 30-июндан бери көрсөтүлүүдө. 1989-жылы Алматыда башталып, 12 жылдан бери Казан шаарында, азыр эки жылда бир жолу өтүүчү фестивалды Татарстандын жана Орусиянын маданий структуралары менен катар, түрк элдеринин маданиятын жана көркөм өнөрүн өнүктүрүү боюнча Түрксой уюму сүрөөнгө алган. 3-июнда аяктоочу эл аралык театр шеринесине Бишкектен Жашыл театр «Нан жана ит», Караколдон Жантөшев атындагы музыкалык драма театры «Курманбек баатырдын арманы» деген спектаклдери менен келишти.