1980-жылдары бийликтеги диний өкүлдөр тарабынан куугунтуктоодон кийин оппозицияга өткөн экс-депутат Эзатолла Сахабинин кызы бүгүн атасына топурак салгандан кийин кайтыш болду. Оппозициячыл сайттар жазгандай, 54 жаштагы укук коргоочу, 2009-жылдагы демонстрациялардан бери камакта отурган Хале Сахаби Тегеранда атасынын тажиясына катышууга уруксат алган. Күбөлөрдүн бири "Азаттыктын" фарси кызматына Сахабини коопсуздук кызматкерлери урганын көргөндүгүн мындайча билдирди:
- Сахаби айым колунда атасынын сүрөтүн кармап турган. Коопсуздук агенттигинин кызматкерлери келип, сүрөттү тартып алышты. Өзүн аябай сабаганда, эс-учун жоготуп койду, ошондон кийин аны ооруканага алып кетишти.
Тегеран акиминин коопсуздук кызматкери Алиреза Жане кагылыш болгонун четке кагып,, «Хале Сахаби стресстен жана ысыктан жүрөгү туруштук бере албай кайтыш болду» деп ырастады.