Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Казакстандагы жардыруунун экинчи курмандыгы таанылды


Казак бийликтеринин маалыматына ылайык, Астанада өткөн аптада Улуттук коопсуздук комитетинин жанындагы шектүү жардыруудан көз жумган экинчи адамдын ким экендиги аныкталды. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Каламкас Темирова кабарчыларга ал адам Павлодар шаарынын 34 жаштагы тургуну болгондугун маалымдады. Катчынын айтымында, тергөөгө байланыштуу аты ачыкка чыгарылбаган бул киши мурда төрт жолу кесилген, акыркысында куралдуу каракчылык үчүн соттолгон. Өткөн аптада өлтүрүлгөн бир киши Экибастуз шаарынын Дмитрик Кеплер деген тургуну экендиги айтылган. 24-май күнү Астанада Улуттук коопсуздук комитетинин түрмөсүнүн жанында машина жарылып, Кеплер дагы бир киши менен каза тапкан. 17-майда Актөбө шаарында кийин Ракимжан Махатов деп аныкталган киши коопсуздук комитетинин кеңсесинде өзүн жардырып жиберген.

XS
SM
MD
LG