Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:25

Пакистанда журналисттерге курал алып жүрүүгө уруксат берилди


Италиялык жаңылыктар уюмунда иштеген кабарчынын өлүмүнөн кийин көрүлгөн чара тууралуу Пакистандын ички иштер министри Рехман Малик бүгүн билдирди. Министрликтин маалымат катчысы журналисттерге курал алып жүрүүгө уруксат кагазы берилээрин бышыктады. Сиед Салеем Шахзааддын өлүгү кечээ Исламабаттан 150 чакырым аралыкта табылган эле. Пакистандын Журналисттер биримдиги журналисттерди коргоо алардын өздөрүнүн эмес, мамлекеттин милдети экендигин эскертип, соңку чараны сынга алды.

XS
SM
MD
LG