Алгачкы угууда андан өзүнө тагылган күнөөнү мойнуна алар-албасын сурашат. Учурунда Босниядагы сербдердин армия башчысы болуп турган Ратко Младичти 1992-95-жылдардагы согуш кылмыштары, геноцид, “адамгерчиликке каршы кылмышы” үчүн айыпташууда. Аны эки күн мурда Сербиядан Гаагадагы трибуналга алып келишкен. 16 жыл качкында жүргөн Младичти өткөн аптада Сербияда кармашкан эле.