Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

Тоолуу аймактарда жүрөк оорулуу балдар арбын


Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, Кыргызстандын тоолуу аймактарында түздүү жерлерге салыштырмалуу тубаса жүрөк оорусу менен төрөлгөн балдар 3-6 эсеге арбын. Балдардын эл аралык күнүнө карата азыр Бишкекте Кытайдан келген дарыгерлер кайрымдуулук ирээтинде 3 жаштан жогорку курактагы балдардын жүрөгүнө бычаксыз операция жасап жатат. Үч-төрт күндүн ичинде 40 чакты операция жасоо пландаштырылууда. Кыргызстанда ар кандай тубаса жүрөк оорулары менен 5 миңдей бала катталган. Жүрөк оорусу менен төрөлгөн балдардын жарымы 1 жашка жетпей чарчап калат, ал эми калгандарынын майып болуп калуу коркунучу бар. (EBM)

XS
SM
MD
LG