Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:48

Мамытов: Июнь коогасында кан төгүлүшүнө Батыровдун салымы зор


Бул тууралуу июнь коогасын иликтеген депутаттык комиссия төрагасы, депутат Токон Мамытов Жогорку Кеңеште комиссия тыянагын талкуулаган учурда билдирди. Анын айтымында, июнь коогасы Кадыржан Батыров, Иномжан Абдурасулов жана башка адамдар тарабынан алдын ала уюштурулган. Мындан сырткары 7-апрелде бийликтен кулатылган мурдагы президент Курманбек Бакиев жана жакындары, криминалдык күчтөр окуянын өнүгүшүнө таасир тийгизген. “Айрым чек ара, ИИМ кызматкерлери курал-жарактын элдин колуна өтүп кетишине жол берген. Айрым өзбек жарандар биринчи кол салган. Социалдык-саясий кырдаалдын чыңалышы, май айында Жалал-Абадда өзгөчө кырдаалдын алынып салынышы да ушуга алып келген”, – деди Мамытов.

Парламент жыйынында июнь коогасын иликтеген депутаттык комиссия тыянагына Исмаил Исаков макул эместигин айтып чыкты. Ал 7-апрель болбогондо июнь коогасы болмок эместигин, коогалаңдын келип чыгуу себептери, күнөөлүүлөр комиссия тыянагында ачык, акыйкат көрсөтүлбөгөнүн сындады. Исаков июнь коогасынын келип чыгышына экс-президент Курманбек Бакиев жана анын туугандары күнөөлүү деп эсептейт.

Комиссия бардык фракциянын депуттары болуп 25 адамдан турат. Алардан үчөө комиссиянын корутундусуна кол койгон эмес. Алар: Исмаил Исаков, Жылдызкан Жолдошева, Ширин Айтматова.

Талкууга президент Роза Отунбаева баш болгон мамлекет жетекчилери, убактылуу өкмөт мүчөлөрү катышууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG