Бул тууралуу Роза Отунбаева бүгүн Жогорку Кеңеште июнь коогасын иликтеген депутаттык комиссиянын тыянагын талкуулаган жыйында билдирди. Ал Кыргызстан эгемендик алган 20 жыл ичинде соцалдык-экономикалык жагдай оорлоп, кырдаал чыңалып отурганына токтолду. Жаңжал капысынан чыкпаганын, ага экономикалык, саясий жана социалдык жагдайлар таасир эткенин кошумчалады.
“Мурда бийлик этникалык топтору шайлоо алдында гана эстеп, өз колтугуна тартууга аракет кылып келген. Этностук азчылыктарды саясий процесстерге кошуу үчүн аракеттер жасалган жок. Алардын добуш берүү жана өлкөнүн коомдук саясий турмушуна тең катышуу укугу толук камсыз болгон эмес”, - деди Отунбаева. Мындан сырткары ал бийликтин аракети улут аралык ынтымакты бекемдөөгө арналышы керектигин, армия, тартип коргоо органдары көп улуттуу болушу зарылдыгын белгиледи. (КЕ)