Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:07

Путин жикчил Абхазияга тажияга барды

Орусиянын премьер-министри Владимир Путин бүгүн күтүүсүздөн Абхазияга келди. Ал Грузиянын амирин тааныбаган жикчил аймактын лидери Сергей Багапштын тажиясына катышат. Путин ошондой эле Абхазиянын жетекчилери менен кездешет.

2005-жылдан тарта Абхазиянын президенти болгон 62 жаштагы Сергей Багапш 29-майда Москвада өпкөсүнө операция жасалып жатканда каза тапкан.

Орусия 2008-жылы августта Грузия менен болгон согуштан кийин Абхазияны жана Түштүк Осетияны эгемен мамлекет катары тааныган.
XS
SM
MD
LG