Маң аткезчилигине каршы глобалдык согуш ийгиликке жетпеди, ошондуктан улуттук өкмөттөр марихуана жана башка маң заттарын колдонууну мыйзамдаштырууга тийиш. Мындай сунуш “Маң заттарынын саясаты жөнүндө” Глобалдык комиссия бүгүн жарыялачу докладда жасалат. Докладда ошондой эле маң заттары дүйнө өлкөлөрүндө көптөгөн адамдардын өмүрүнө балта чапканы белгиленет.
19 адамдан турган бул комиссияга БУУнун мурдагы баш катчысы Кофи Аннан, АКШнын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Жорж Шульц, Мексика, Бразилия, Колумбиянын мурдагы президенттери кирет.
19 адамдан турган бул комиссияга БУУнун мурдагы баш катчысы Кофи Аннан, АКШнын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Жорж Шульц, Мексика, Бразилия, Колумбиянын мурдагы президенттери кирет.