Линктер

дүйшөмбү, 25-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:56

Президент Рахмон балдарга байыркы тажик ысымдарын берүүгө үндөдү


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 2-июнда жергиликтүү тажиктерге кайрылып, балдарга Карышкыр, Тополоң же Шыпыргы сыяктуу ысымдарды бербөөгө чакырды. Рахмон улуттук телеканалдан сүйлөгөн сөзүндө ата-энелерге жаңы төрөлгөн балдарга Фирдоси миң жыл илгери жазган “Шахнаме” дастанындагы ысымдарды берүүнү сунуш кылды. Тажикстанда арап ысымдары өтө популярдуу.

Эмомали Рахмон 2007-жылы "ов" мүчөсүн өз фамилиясынан алып салып, бул жөрөлгө Тажикстанда кеңири жайылган.
XS
SM
MD
LG